Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги X сессиясы (сегизинчи чакырылыш)
2025-жылдын 06-ноябры № 4
Отуз-Адыр айыл аймагынын Кызыл-Абад айылындагы аталышы жок кѳчѳгө татыктуу инсандын ысымсын ыйгаруу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Кыргызстандагы географиялык аталыштар жɵнүндɵ” Мыйзамынын 7-статьясына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Абад айылындагы аталышы жок көчөгө Аблаев Закирдин ысымы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн. ( Э.Эшиев)
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кенештин укук, мыйзамдуулук жана административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Беделов)
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Д. Атанов |