Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги X сессиясы (сегизинчи чакырылыш)
2025-жылдын 06-ноябры № 6
Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл чарба багытындагы жерлерин “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которуу жөнүндө
Отуз-Адыр айыл аймагынынайыл чарба багытындагы жерлерин “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которуу,Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу жөнүндө” мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесине жана Жер Кодексинин 2-главасынын 13-беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагындагы №214 контурундагы 5,17 га чөп сактоочу жер (сенхранилище), №216 контурундагы 0,60 га коомдук курулуштардын орду, №217 контурундагы 0,58 га коомдук курулуштардын орду, №218 контурундагы 0,57га коомдук курулуштун орду, №219 контурундагы 0,57га коомдук курулуштардын орду, №220 контурундагы 1,12 га коомдук курулуштардын орду жалпысы 8,61 га жер аянтына Тергөө камак жайын (СИЗО) куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” ктегориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Э.Эшиев)
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеӊештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Жусупов Н)
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Д. Атанов |