С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 19-сессиясы
ТОКТОМ
23.04.2024-жыл. № 19-1
Араван айылы
С. Юсупова айылдык кеңешинин аймагында 2024-жылдын жазгы талаа иштерине даярдык көрүү жана жүрүшү жөнүндө
Күн тартибиндеги С. Юсупова айылдык кеңешинин аймагында 2024-жылдын жазгы талаа иштерине даярдык көрүү жана жүрүшү жөнүндөгү маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Ахматахуновдун маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. С. Юсупова айылдык кеңешинин аймагында 2024-жылдын жазгы талаа иштерине даярдык көрүү жана жүрүшү боюнча айыл өкмөтү тарабынан аткарып жаткан иштери жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Ахматахуновдун маалыматы канааттандырарлуу деп белгиленсин.
2. С. Юсупова айылдык кеңешинин аймагындагы дыйкан фермер чарбаларды сапаттуу үрөн, минералдык жер семирткичтер жана күйүүчү, майлоочу материалдар менен камсыз болушун, менчигинин түрүнө карабастан айыл чарба техникаларын жазгы талаа иштерине даярдоону уюштуруп, каналдарды атайын техникалардын жардамы менен тазалоо, СПАлар тарабынан элди уюштуруп, элдин күчү менен ички арыктарды тазалоо, ремонттоо жана талаага алып баруучу жолдорду иретке келтирүү иштерин талап даражасында аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. 2024-айыл чарба жылында дыйкан, фермер чарбаларга айыл чарба эгиндеринен жогору түшүм алуу үчүн агротехникалык эрежелерге толук көңүл буруп, айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден асыроону, сугат суудан үнөмдүү пайдалануу ыкмаларын колдонууну уюштуруу жагы айыл өкмөтүнүн тийиштүү кызматкерлерине жүктөлсүн.
4. Айылдык кеңешинин аймагындагы механизаторлор жана дыйкан чарбалардын катышуусунда атайын чогулуш уюштуруп, жеке менчик айыл чарба техника ээлери (тракторчулар) менен тракторлор менен дыйкандарга кызмат көрсөтүүдө жер айдоо, малалоо, пахта эгүү, пахта аралыктарына иштөө жүргүзүүдө жана башка иштери боюнча дыйкандарга да, механизаторлорго да ыңгайлуу болгон бирдей кызмат акысын иштеп чыгуу жагы айыл өкмөтүнө жана айыл башчыларына жөктөлсүн.
5. Айыл чарба эгиндеринин вегетация мезгилинде сугат суудан үнөмдүү пайдалануу менен, дыйкан фермер чарбаларды сугат суу менен өз убагында камсыз кылуу жана шаалы эгиндерин аянтын кыскартуу боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Обу-Хает”, “Нооруз”, “Тебат” СПАларынын башчыларына жүктөлсүн.
6. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы дыйкан, фермердик чарбаларга 2-эгиндин аянтын көбөйтүү, 2-эгинден жогору түшүм алуу менен бирге өздүк бюджетине кошумча каражат кириши менен бирге айыл өкмөтүнүн айыл чарбасынын өсүү темпин жогорулатуу боюнча дыйкандарга түшүндүрүү иштерин алып баруу жагы айыл башчыларына жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т. Ахматахуновго жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Файзуллаев |