Редакцияот 23.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 19-сессиясы

ТОКТОМ

 

 23.04.2024-жыл.    № 19-2

Араван айылы                                  

С. Юсупова айылдык кеңешинин аймагында мөөнөттүү аскерге чакырууга жана аскерге чейинкилерди каттоого алууда алып барып жаткан иштери жөнүндө.

 

Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн аскердик каттоо столунун инспектору С. Таштемированын мөөнөттүү аскерге чакырууга даярдык көрүү жана аскерге чейинкилерди каттоого алуу жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып,и С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:

 

ТОКТОМ

 

1. С. Юсупова айылдык кеңешинин аймагында мөөнөттүү аскерге чакырууга даярдык көрүү жана аскерге чейинкилерди каттоого алуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн аскердик каттоо столунун инспектору С. Таштемированын маалыматы эске алынсын.

 

2. 2024-жылдын жайкы, күзгү аскерге чакырууну жогорку денгээлде уюштуруп, Араван райондук аскердик комиссариатынын көрсөтмөлөрүнүн негизинде иш жүргүзүү менен айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган мөөнөттүү аскерге чакырылуучулардын тизмелерин тактоо, аскерге чакыруу мезгилинде аларды өз убагында келүүсүн камсыз кылуу жана алардын документтерин даярдоо айыл өкмөтүнүн аскердик каттоо столуна тапшырылсын.

 

3. Айыл өкмөтүнүн аймагында каттоодо турган аскердик алтернативдик кызматта турган жарандарды, айыл өкмөтүнүн аймагындагы коомдук иштерге жана жалпы Республикабызда белгиленген ишембиликтерге тартуу менен натыйжалуу иш аткаруусун көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн аскердик каттоо столунун инспекторлоруна жана айыл башчыларына жүктөлсүн.

 

3. С. Юсупова айыл өкмөтүнө өзүнүн бюджетинин эсебинен аскерге чакыруу иштерин уюштуруу жана өткөрүү үчүн зарыл болгон каражаттарды табуу жүктөлсүн.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин социалдык- маданий жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн аскердик каттоо столуна жүктөлсүн.

 

 

Тѳрага

Н.Файзуллаев