Загрузка документа…
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги он экинчи сессиясынын
2025-жылдын 04-ноябры № 2
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетине салык агенттери тарабынан төлөнүүчү, киреше салыгынан ашыкча келип түшкөн 10000,0 миң сом акча каражатын кошумча статьяларга бөлүштүрүү жөнүндө
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Абдиллажанованын Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетине салык агенттери тарабынан төлөнүүчү, киреше салыгынан ашыкча келип түшкөн 10000,0 миң сомго акча каражатын кошумча статьяларга бөлүштүрүү жөнүндөгү билдирүүсүн жана Ала-Тоо айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция тартуу долбоорлор менен иштөө жана ишкердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетине салык агенттери тарабынан төлөнүүчү, киреше салыгынан ашыкча келип түшкөн 10000,0 миң.сомго акча каражатын кошумча статьяларга төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:
3112-элементине-2500,0 миң сом;
2215-элементине-2100,0 миң мом;
2221-элементине-200,0 миң сом;
3111-элементине-5200,0 миң сом;
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция тартуу долбоорлор менен иштөө жана ишкердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Ф.Ф.Юсупов |