Загрузка документа…
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги он экинчи сессиясынын
2025-жылдын 04-ноябры № 3
Ала-Too айыл өкмөтүнүн “Ала-Too Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын коммерциялык ишканалары менен жаңы тарифтерин бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары “Ала-Too Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Абдиев Элдиярдын коммерциялык ишканалары менен түзүлгөн жаңы тарифтерин бекитүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ала-Too айыл аймагындагы коммерциялык ишканалар болуп эсептелген (навайканалар, мончо, унаа жуучу жайлар, коомдук тамактануучу жайлар, жеке менчик балдар бакчалары жана жеке менчик мектептер) үчүн суу эсептегичке м.3 бир метр кубуна 50 (элүү) сомдон тариф төлөө белгиленсин.
2.“Ала-Too Таза-Суу” муниципалдык ишканасы менен мыйзам чегинде келишим түзүп иш алып баруу жагы бардык коммерциялык ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, уюштуруу иштери маалымдуулук, жаштар жана аялдар саясаты, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция туризм боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Ф.Ф.Юсупов |