С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 19-сессиясы
ТОКТОМ
23.04.2024-жыл. № 19-5
Араван айылы
С. Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу №112 Кесиптик лицейинин эмгек жамаатынын №112 Кесиптик лицейине көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан ардагер Акимжан Тешабаевдин ысмын ыйгаруу боюнча сураныч катын кароо жөнүндө.
С. Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу №112 Кесиптик лицейинин эмгек жамаатынын №112 Кесиптик лицейине көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан ардагер Акимжан Тешабаевдин ысмын ыйгаруу жөнүндө сураныч катын С. Юсупова айыл өкмөтү жана С. Юсупова айылдык кеңешинин социалдык-маданий, укук-тартип, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан №112 Кесиптик лицейинин эмгек жамаатынын 2024-жылдын 2-апрелиндеги инженердик педагогикалык жамаатынын № 2-токтомунда №112 Кесиптик лицейине көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан ардагер Акимжан Тешабаевдин ысмын ыйгаруу маселеси эмгек жамаатынын толук колдоосун алгандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.08.2008-жылдагы №467 сандуу токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө» Жобонун (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 15.07.2022-жылдагы №387 сандуу токтомунун редакциясына ылайык) 12,19-пунктун жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ.
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу №112 Кесиптик лицейинин эмгек жамаатынын №112 Кесиптик лицейинде көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан ардагер Акимжан Тешабаевдин ысмын ыйгаруу жөнүндөгү 02.04.2024-жылдагы № 02-токтому бекитилсин.
2. С. Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу №112 Кесиптик лицейи мындан ары Акимжан Тешабаев атындагы №112 Кесиптик лицейи деп аталсын.
3. С. Юсупова айыл өкмөтү өзүнүн укуктук-ченемдик актыларында ушул токтомдон келип чыккан иш чаралардын негизинде жана электрондук базалык тутумдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө милдеттендирилсин.
4. С. Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу №112 Кесиптик лицейи мындан ары Акимжан Тешабаев атындагы №112 Кесиптик лицейи деп аталышына байланыштуу Араван районундагы бардык мамлекеттик мекемелерге айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсүн жөнөтүү С. Юсупова айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. С. Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу №112 Кесиптик лицейи мындан ары Акимжан Тешебаев атындагы №112 Кесиптик лицейи деп өзгөртүүгө зарыл болгон бардык каражаттар Тешабаев Акимжандын үй бүлөөсүнүн бюджетинин эсебинен каржыланышы белгиленсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин социалдык-маданий, укук-тартип, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Файзуллаев |