Загрузка документа…
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги он экинчи сессиясы
2025-жылдын 04-ноябры № 4
Ала-Тоо айыл аймагынын Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан “Бал-Бөбөктай” балдар бакчасына кошумча филиал ачуу жөнүндө
Ала-Тоо айылдык кеңештин депутаттарына, айылдык кеңештин жооптуу катчысы С.Топчубаева Кашкар-Кыштак айылынын Кара-Суу көчөсүнүн тургундарынын жазган арыздары менен тааныштырып, аны бекитип берүүнү сунуштады. Депутаттар арызды карап чыгып жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ала-Тоо айыл аймагынын Кашкар-Кыштак айылынын Кара-Суу көчөсүнүн ылдый жагында жайгашкан “Бал-Бөбөктай” балдар бакчасына Кашкар-Кыштак айылынан кошумча филиал ачууга макулдук берилсин.
2.”Бал Бөбөктай” балдар бакчасына кошумча филиал ачуу боюнча мыйзам чегинде иш кагаздарын даярдап жардам көрсөтүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, уюштуруу иштери маалымдуулук, жаштар жана аялдар саясаты, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция туризм боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Ф.Ф.Юсупов |