С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 19-сессиясы
ТОКТОМ
23.04.2024-жыл. № 19-7
Араван айылы
С. Юсупова айыл аймагынын алдында түзүлгөн КАБнун (Коомдук алдын алуу борбору) типтүү уставын бекитүү жөнүндө.
С. Юсупова айыл аймагынын алдында КАБ рун түзүү боюнча 2024-жылдын 27-мартындагы № 01-12/49- буйругунун негизинде С.Юсупова айыл аймагында КАБ рунун типтүү уставы айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыгып, айыл тургундары тарабынан талкуулангандыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовдун билдирүүсү угулуп, айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып,
С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. С. Юсупова айыл аймагынын КАБнун типтүү уставы №1- тиркемеге ылайык бекитилсин. (№1- тиркеме тиркелет.)
2. Айыл аймагынын КАБнун типтүү уставын тийиштүү юстициялык мекемелерден каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Айыл өкмөтүнө айыл аймагынын КАБнун типтүү уставынын негизинде иш алып баруу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы
Абдураимов Нга жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Файзуллаев |