Редакцияот 23.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 19-сессиясы

ТОКТОМ

 

 23.04.2024-жыл.    № 19-8

Араван айылы                                  

С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовдун билдирүүсүн кароо жөнүндө.

 

С.Юсупова айыл аймагынын дыйкандарынын сугат сууга болгон тартыштыгын чечүү максатында Сүтхор айылынын Сүхор көчөсүнө 1 скважина, Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүнүн жаңы чектерине 1 скважина жана Араван айылынын А.Сайдахматов көчөсүнүн башына 1 скважина орнотуу үчүн ар бирине 0,02 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук сурап жазган айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовдун билдирүүсүн угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:

 

ТОКТОМ

 

1. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн Сүтхор айылынын Сүтхор көчөсүнө 1 скважина орнотуу үчүн 0,02га, Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүнүн жаңы чектерине 1скважина орнотуу үчүн 0,02га жана Араван айылынын А.Сайдахматов көчөсүнүн башына 1 скважина орнотуу үчүн 0,02га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

 

2. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн Сүтхор айылынын Сүтхор көчөсүнө 1 скважина орнотуу үчүн 0,02га Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүнүн жаңы чектерине 1скважина орнотуу үчүн 0,02га жана Араван айылынын А.Сайдахматов көчөсүнүн башына 1 скважина орнотуу үчүн 0,02га жер аянтын ажыратып берүүдө С.Юсупова айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартибин жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер аянтын ажыратып берүү жагы тапшырылсын.

 

3. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагына сугат суу скважиналарын орнотуу үчүн керектүү документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н,Абдураимовго жүктөлсүн.

 

 

Тѳрага

Н.Файзуллаев