Редакцияот 23.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 19-сессиясы

ТОКТОМ

 

 23.04.2024-жыл.    № 19-11

Араван айылы                                  

С.Юсупова айыл өкмөтүнүнө караштуу “С.Юсупова Тазалык муниципалдык ишканасы”нын башчысы М.Ризаевдин билдирүүсүн кароо жөнүндө.

 

С.Юсупова айыл өкмөтүнүнө караштуу “С.Юсупова Тазалык муниципалдык ишканасын”нын башчысы М.Ризаевдин айыл аймагынын жаңы чектеринин көчөлөрүнүн жолдоруна шагыл төшөөдө жеке менчик камаздар тарабынан алып келинген шагылдын баасы өтө кымбат болуп кеткенине байланыштуу ишканасында эксковатор жана камаз автоунаалары бар экендигин белгилеп, айыл өкмөтүнүн көчөлөрүнүн жолдоруна арзан баада шагыл төшөөдө айыл өкмөтүнө жакындан көмөк көрсөтүү максатында мыйзам чегинде “С.Юсупова Тазалык муниципалдык ишканасы”на “Араван-Сай” каналынан шагыл алууга айылдык кеңештин атынан Араван жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан уруксат суроо боюнча билдирүүсүн угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:

 

ТОКТОМ

 

1.Араван жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан С.Юсупова айыл өкмөтүнүнө караштуу “С.Юсупова Тазалык муниципалдык ишканасы”на айыл аймагынын жаңы чектердин көчөлөрүнүн жолдоруна шагыл төшөөдө “Араван-Сай” каналынан шагыл алууга мыйзам чегинде уруксат берүү жагы суралсын.

 

2. “С.Юсупова Тазалык муниципалдык ишканасы”нын башчысы М.Ризаевге “Араван-Сай” каналынан шагыл алууга мыйзам чегинде тийиштүү мекеме ишканалардан уруксат суроо жагы тапшырылсын.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовго жүктөлсүн.

 

 

Тѳрага

Н.Файзуллаев