ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын 37-сессиясы
2024-жылдын 19-апрели №1
Чоң-Алай айыл аймагынын административдик чек
арасынын схемасынын картасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Чоң-Алай айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Чоң-Алай айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы Мойдунов Сталбек Мурзажановичке жана Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдрамановичке Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
С.Мойдунов |