С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 19-сессиясы
ТОКТОМ
23.04.2024-жыл. № 19-13
Араван айылы
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовдун С.Шарипов орто мектебинин жер аянтына кошумча 0,30 га жер тилкесин кошуп берүүгө макулдук сурап жазган билдирүүсүн кароо жөнүндө.
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовдун С.Шарипов орто мектебинин окуучуларын норма боюнча жетиштүү жер аянты менен камсыздоо жана мектепке кошумча 2020-жылдан бери курулуп жаткан имаратын акырына чыгаруу максатында мектептин “Кара –кыз” көрүстөнү менен чектешкен аралыгындагы жеринен кошумча 0,30 га жер тилкесин кошуп берүүгө айылдык кеңешинин депутаттарынан макулдук сурап жазган билдирүүсүн угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. С.Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу С.Шарипов орто мектебинин жер аянтына мектептин “Кара –кыз” көрүстөнү менен чектешкен аралыгындагы жеринен кошумча 0,30 га жер тилкесин кошуп берүүгө макулдук берилсин.
2. С.Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу С.Шарипов орто мектебинин жер аянтына мектептин “Кара –кыз” көрүстөнү менен чектешкен аралыгындагы жеринен (узунуна) кошумча 0,30 га жер тилкесин кошуп берүүдө С.Юсупова айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартибин жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жер тилкесин берүү жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Абдураимовго жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Файзуллаев |