Редакцияот 10.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын 38-сессиясы

 

2024-жылдын 10-майы №1

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылына ачылган Дароот-Коргон тарыхый музейине штаттык бирдик кароого макулдук берүү  жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 токтомун аткарууга алып Чоң-Алай айылдык кеңешинин  7-чакырылышынын депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 токтомуна ылайык Дароот-Коргон тарыхый музейине башкы сактоочу кызмат орунуна 1 штаттык бирдик ал эми жана кенже тейлөөчү кызмат орунуна 1 штаттык бирдик жалпы 2 штаттык бирдик каралсын.

 

2. Токтомду аткаруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана ФЭБ башчысы О.Сейдановго милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

      Төрага

 

С.Мойдунов