Редакцияот 10.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын 38-сессиясы

 

2024-жылдын 10-майы №1

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы жергиликтүү жашоочулардын жайлоого чыгуу жана жайлоодон түшүү мөөнөттөрүн бекитүү жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун жана “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Таабалды уулу Чолпонбайдын  Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы жергиликтүү жашоочулардын жайлоого чыгуу жана жайлоодон түшүү мөөнөтөрүн бекитүү жөнүндө сунуштарын Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы жергиликтүү жашоочулардын жайлоого чыгуу мөөнөтү 15-майга калбай жайлоого көчүрүлсүн ал эми жайлоодон көчүп түшүү мөөнөтү 1-октябрдан кийин болуп бекитилсин.

2. Жергиликтүү тургундарды белгиленген мөөнөттө жайлоого көчүрүү жана жайлоодон түшүрүүнү көзөмөлгө алуу ошондой эле түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго, “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Таабалды уулу Чолпонбайга жана Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын айыл башчыларына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

      Төрага

 

С.Мойдунов