Редакцияот 10.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын 38-сессиясы

 

2024-жылдын 10-майы №6

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн муниципалдык ишканасына кызматтык авто унаа (Hundai-porter) алуу үчүн акча каражаты бөлүп берүү жөнүндө

 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун жана “Дара таза суулары” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Таштанбековдун “Дара таза суулары” муниципалдык ишканасына кызматтык авто унаа (Hundai-porter) алуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү  сунуштарын Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Дара таза сулары” муниципалдык ишканасына кызматтык авто унаа (Hundai-porter) алуу үчүн Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттардын эсебинен 1 200 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

      Төрага

 

С.Мойдунов