С.Юсупова айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХ-сессиясы
ТОКТОМ
25.05.2024-жыл. № 20-6
Араван айылы
Араван районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын “ Араван районунда маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштыруунун жана пайдалануунун эрежелери” тууралуу билдирүүсүн кароо жөнүндө.
Араван районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын
“ Араван районунда маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштыруунун жана пайдалануунун эрежелери” тууралуу жазма түрүндөгү билдирүүсү менен таанышып. Сөзгө чыккан депутаттардын ой пикирлерин угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл аймагында жарнамалык түзүмдү жайгаштыруу жана пайдаланууда менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Шаар курулушу жана архитектура жөнүндө”, Мыйзамдарга, жана нормативдик укуктук актылардын Жарлыгына ылайык иш алып баруусу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте айыл аймагындагы менчигинин түрүнө карабастан жер тилкелеринде, имараттарда жана курулмаларда, же болбосо башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө маалыматтык-жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштыруу жана пайдалануу боюнча талаптарды, техникалык талаптарды, маалыматтык жана жарнамалык түзүмдөрдү буузунун тартибин жөнгө салуу жагы айыл өкмөтүно тапшырылсын.
3 .Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовго жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Файзуллаев |