Редакцияот 10.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын 38-сессиясы

 

2024-жылдын 10-майы №7

“Алянс Континентал” ЖЧКсына эски карызды төлөө үчүн акча каражатын   бөлүп берүү жөнүндө

 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Дароот-Коргон айылындагы Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебининин фасадын капиталдык оңдоодон өткөргөн “Алянс Континентал” ЖЧКсына эски карызды төлөө үчүн 3 663 500 сом акча каражатын бөлүп берүү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин  7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин  38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Дароот-Коргон айылындагы Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинин фасадын капиталдык оңдоодон өткөргөн “Алянс Континентал” ЖЧКсына комиссиянын актысынын негизинде 3 663 500 сом акча каражаты кредитордук карыз катары табылсын жана 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттардын эсебинен төлөнүп берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

      Төрага

 

С.Мойдунов