Редакцияот 10.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын 38-сессиясы

 

2024-жылдын 10-майы №8

ЧЧоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн муниципалдык ишканаларды колдоо максатында акча каражатын кароо жөнүндө

 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн муниципалдык ишканаларды колдоо максатында жергиликтүү бюджеттен  235 000 сом акча каражатын бөлүп берүү сунушун   Чоң-Алай айылдык кеңешинин  7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасына жашыландыруу кызматына кабыл алынган кызматкердин 2024-жылдын 1-майынан 1-октябрына чейинки кызмат акысына 175 000 сом ал эми “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасына электрик катары кабыл алынган кызматкердин 2024-жылдын 1-майынан 1-июлуна чейинки кызмат акысына 60 000 сом жалпы 235 000 сом акча каражаты субсидия катары төлөнүп берилсин.

2. Жогоруда белгиленген 235 000 сом акча каражатын төлөп берүү жагы Чоң-Алай айыл өкмөүнүн башчысы жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

      Төрага

 

С.Мойдунов