Редакцияот 10.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын 38-сессиясы

 

2024-жылдын 10-майы №9

Салык өлчөмдөрүнөн жеңилдиктерди   бекитип берүү  жөнүндө

 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жыйымдар жана салыктар боюнча башкы адис Ө.Наримбаевдин Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 411-беренесинде белгиленген жеңилдиктерди бекитип берүү жөнүндөгү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 411-беренесине ылайык 2024-жылга үй жанындагы короо жай , жер участоктору боюнча салыктан 100 %дык чен менен айыл аймактагы төмөнкү белгиленген топтордогу жарандарга жеңилдиктер берилсин.

 

- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча Афганистан согушунун жана башка өлкөлөрдөгү согушка катышкан аскер кызматчылары, Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюуга катышкандар, ошондой эле бала чагынан майыптар, I жана II топтогу майыптарга;

 

- кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон же дайынсыз болгон аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү, анын ичинен эрезеге жеткенге чейинки балдарына;

 

- жеке жак пенсия курагына жеткен Кыргыз Республикасынын жаранына;

 

- эрезеге жете элек 4 же андан ашык балдары бар жеке адамдарга.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

      Төрага

 

С.Мойдунов