НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
2024-жылдын 6-февралы № 1
Ноокат шаар мэриясынын 2023-жылда аткарган иштери жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы тууралуу Ноокат шаарынын мэри Ж.Тиллаевдин отчету жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын 2023-жылда аткарган иштери жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы тууралуу Ноокат шаарынын мэри Ж.Тиллаевдин отчету жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарынын жана шаар тургундарынын сын-пикирлерин эске алып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2,6-бөлүкчөлөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарынын мэри Ж.Тиллаевдин 2023-жылда аткарган жумуштары кемчиликтерин эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Б. Мадмаров |