Редакцияот 06.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезексиз XXVII сессиясы
 

2024-жылдын 6-февралы  № 3

Ноокат шаар мэриясынын 2024-жылдын 1-январына карата үнөмдөлгөн акча каражатын болуп берүү жөнүндө

 

Ноокат шаар мэриясынын 2024-жылдын   1-январына карата   үнөмдөлгөн акча каражатын  болуп берүү жөнүндө   Ноокат шаардык кеңешинин бюджет,  экономика, финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-бөлүмчөсүнө ылайык,    Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаар мэриясынын 2024-жылдын 1-январына карата үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен өткөзүлгөн тендерден болгон карыздарды толоо үчүн:

-“Али-Хан” ЖЧК ишканасына-1 253 221 (бир миллион эки жүз элү үч миң эки жүз жыйырма бир) сом (Ынтимак мектебинин спорт аянтчасына) ;

-“ НМА Групп” ЖЧК ишканасына-249 000 (эки жүз кырк тогуз миң) сом (мактаб жана мектепкече билим берүү мекемелеринин электр тармактары лабораториясы үчүн) ;

-“Ислам Строй Сервис” ЖЧК ишканасына-55 000 (элүү беш миң) сом (технадзор) акча каражаттары ажыратылып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Т.Р.Маманазаровго тапшырылсын.

 

Төрага:

Б. Мадмаров