Редакцияот 06.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезексиз XXVII сессиясы
 

2024-жылдын 6-февралы  № 4

Ноокат шаарынын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде ата энелер тарабынан төлөнүүчү взностун өлчөмүн көтөрүү үчүн макулдук берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде ата энелер тарабынан төлөнүүчү взнос ушул күнгө чейин 700 (жети жүз) сом өлчөмүндө төлөнүп келген. Тамак ашка керектелүүчү азык-түлүктөрдүн баасы өскөндүгүнө байланыштуу взностун баасын 1 000 (бир миң) сом өлчөмүнө көтөрүү үчүн ар бир мектепке чейинки билим берүү мекемеси ата энелер жыйналышында талкулашып, алар тараптан макулдук  берүү жөнүндөгү  маселе Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет, финансы,  экономика,  соода маселелер боюнча  туруктуу  комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-бөлүмчөсүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып,  Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаарынын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде ата энелер тарабынан төлөнүүчү взностун өлчөмүн 700 (жети жүз) сом өлчөмүнөн 1 000 (бир миң)  сом өлчөмүнө көтөрүү үчүн макулдук  берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кеңешинин  бюджет, экономика, финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу    комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Г.К.Дуванаевага тапшырылсын.

Төрага:

Б. Мадмаров