Редакцияот 06.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезексиз XXVII сессиясы
 

2024-жылдын 6-февралы  № 6

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин типтүү түзүмү жана штаттык бирдигине өзгөртүү, толуктоо жөнүндө

 

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине жаңы экскватор сатып алынгандыгына байланыштуу типтүү түзүмү жана штаттык бирдигине өзгөртүү, толуктоо киргизүү менен кошумча бир айдоочу штаттык бирдигин ачуу жөнүндөгү маселе Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин типтүү түзүмү жана штаттык бирдигине кошумча бир айдоочу штаты бекитип берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты А.А.Кодиралиевге тапшырылсын.

Төрага:

Б. Мадмаров