Редакцияот 06.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезексиз XXVII сессиясы
 

2024-жылдын 6-февралы  № 8

Ноокат шаарынын аймагында “Ноокат” футбол клубу муниципалдык ишканасын ачууга макулдук берүү жөнүндө

 

Ноокат шаарынын аймагында “Ноокат” футбол клубу муниципалдык ишканасын ачууга макулдук берүү жөнүндөгү маселе Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаарынын аймагында “Ноокат” футбол клубу муниципалдык ишканасын ачууга макулдук берилсин.
2.“Ноокат” футбол клубу муниципалдык ишканасынын жылдык чыгымдарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 708-рездел, жаштар, спорт жана маданият тармагына бөлүнгөн каражаттардын чегинде каржылык колдоо көрсөтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Б.Айтматовго тапшырылсын.

Төрага:

Б. Мадмаров