НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
2024-жылдын 6-февралы № 10
Ноокат шаарынын аймагындагы мекеме-ишканалардын керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдарды республикалык бюджеттен каржылоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 11-март 2022-жылдагы “Жергиликтүү бюджеттеринде каржылоодо турган мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдарын республикалык бюджеттен каржылоо” жөнүндөгү жобону бекитүү боюнча №126 токтомун ишке ашыруу максатында Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарынын аймагындагы мекеме-ишканалардын керектөөчү электр энергиясынын лимити бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ноокат шаарынын мэри Ж.Тиллаевке, Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Абдивахидовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Х.А.Маткосимовго жүктөлсүн.
Төрага: | Б. Мадмаров |