Редакцияот 06.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезексиз XXVII сессиясы
 

   2024-жылдын 6-февралы  № 11

Ноокат шаарынын аймагындагы билим берүү мекемелерине мыйзамсыз жат көрүнүштөрдөн сактоону жана коопсуздук маселесин алдын алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы билим берүү мекемелерине мыйзамсыз жат көрүнүштөрдөн сактоону жана коопсуздук маселесин алдын алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат  шаардык кеңешинин  бюджет, экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып,  Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаар мэриясынын 2024-жылдын  бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен Ноокат шаарынын аймагындагы билим берүү мекемелерине мыйзамсыз жат көрүнүштөрдөн сактоону жана коопсуздук маселесин алдын алуу үчүн      500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кеңешинин  бюджет, экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу  комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты А.Б.Орозалиевага тапшырылсын.

 

Төрага:

Б. Мадмаров