НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
2024-жылдын 6-февралы № 12
Ноокат шаарында маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштыруунун жана пайдалануунун ЭРЕЖЕЛЕРИ жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын “Ноокат шаарында маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштыруунун жана пайдалануунун ЭРЕЖЕЛЕРИ жөнүндө” жобону бекитип берүү жөнүндөгү маселе Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Ноокат шаарында маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштыруунун жана пайдалануунун ЭРЕЖЕЛЕРИ жөнүндө” жобо №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Ноокат шаарынын аймагында жарнакты жайгаштыруу жана пайдаанууда менчигинин түрүнө карабастан баардык жеке жана юридикалык жактар ушул жобону жетекчиликке алышсын.
3.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик жана укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты З.Ю.Имамовго тапшырылсын.
Төрага: | Б. Мадмаров |