Загрузка документа…
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
06.08.2025-жыл. № 8/4
Асан-Чек айылы
“Мады айыл өкмөтүнүн Тээке айылына баруучу жолго шагыл төшөөгө макулдук берүү жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнүн Тээке айылына баруучу жолго шагыл төшөөгө макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Шадановдун билдирүүсүн жана Тээке айылынын тургундарынын арызынын негизинде Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтүнүн Тээке айылына баруучу жолго шагыл төшөөгө макулдук берилсин.
2. Тээке айылына баруучу жолго шагыл төшөө, тегиздөө үчүн керектүү каражатты бөлүп берүү жагы Кара-Суу райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Т.Токтосуновко жүктөлсүн.
Тѳрага | К.С.Темирбаев |