Загрузка документа…
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
06.08.2025-жыл. № 8/5
Асан-Чек айылы
“Мады айыл өкмөтүнүн Социализм айылындагы №86 Курманжан Датка атындагы жалпы билим берүү мектеп-комплекси мекемесине жана Кыргыз-Чек айылындагы №87 Сыдык Алайчы уулу атындагы жалпы билим берүү мекемесине от казандарды орнотууга макулдук берүү жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнүн Социализм айылындагы №86 Курманжан Датка атындагы жалпы билим берүү мектеп-комплекси мекемесине жана Кыргыз-Чек айылындагы №87 Сыдык Алайчы уулу атындагы жалпы билим берүү мекемесине от казандарды орнотууга макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Шадановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтүнүн Социализм айылындагы №86 Курманжан Датка атындагы жалпы билим берүү мектеп-комплекси мекемесине жана Кыргыз-Чек айылындагы №87 Сыдык Алайчы уулу атындагы жалпы билим берүү мекемесине от казандарды орнотууга макулдук берилсин.
2. Кара-Суу райондук өнүктүрүү фондунан от казандарды сатып алуу, орнотуу үчүн каражат бөлүп берүү жагы суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Т.Токтосуновко жүктөлсүн.
Тѳрага | К.С.Темирбаев |