НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
2024-жылдын 6-февралы № 14
Ноокат шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү бекитүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын Ноокат шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү бекитүү жөнүндөгү сунушу боюнча маселе Ноокат шаардык кенешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөр №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Ноокат шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча Ноокат шаарынын экономикалык пландаштыруу зоналары №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Ноокат шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат объектисин орнотуу жана пайдалануу келишими боюнча төлөмдүн өлчөмүн аныктоо ирети №3-тиремеге ылайык бекитилсин.
4.Ноокат шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат обьектисин орнотуу жана пайдалануу келишими боюнча төлөмдүн өлчөмүн аныктоо боюнча Ноокат шаарынын экономикалык пландаштыруу аймактарынын картасы№4-тиремеге ылайык бекитилсин.
5.Ноокат шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөр ушул токтомго ылайык жүргүзүлсүн.
6.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик жана укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Т.Т.Кадирбаевке жүктөлсүн.
Төрага: | Б. Мадмаров |