Загрузка документа…
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын IX кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
26.09.2025-жыл. № 9/1
Асан-Чек айылы
“Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын жана 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын жана 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын жана 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу максатында Мады айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылдын 05-сентябрындагы №7/Сл сандуу сунуш катына макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын жана “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу алкагында мыйзам чегинде аткаруу жагы Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Мыйзамдуулук укук, тартипти сактоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.С.Темирбаев |