НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
2024-жылдын 6-февралы № 15
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2024-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын Ноокат шаардык кенешинин кезектеги сессиясында Ноокат шаарынын 2024-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн бекитип берүү жөнүндөгү сунушун негизинде Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2024-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгүн бекитүү боюнча маселе Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине 2024-жылга бюджеттин эсебинен каралуучу бөлүнгөн акча каражатынын сметасы №1-тиркемеге ылайык бекитип берилсин.
2.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине 2024-жылга бюджеттин эсебинен каралуучу бөлүнгөн акча каражатынын сметасы №2-тиркемеге ылайык бекитип берилсин.
3.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментинин 2024-жылга мамлекеттик сатып алуулардан карыз, калдык кайрадан №3-тиркемеге ылайык бекитип берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты О.Ж.Тургунбаевке тапшырылсын.
Төрага: | Б. Мадмаров |