Загрузка документа…
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын IX кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
26.09.2025-жыл. № 9/2
Асан-Чек айылы
“Жоош айылындагы кичи футбол аянтчасына активист Кабылов Тынчтыктын ысымын коюуга макулдук берүү жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнүн Жоош айылынын айыл башчысы Н.Тогузековдун 2025-жылдын 4-августундагы кичи футбол аянтчасына активист Кабылов Тынчтыктын ысымы ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө арызынын жана Мыйзамдуулук укук, тартипти сактоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 15-сентябрындагы отурумунун, Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамынын 9–беренесин негиз кылып Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Жоош айылындагы кичи футбол аянтчасына активист Кыбылов Тынчтыктын ысымын коюуга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Мыйзамдуулук укук, тартипти сактоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.С.Темирбаев |