Загрузка документа…
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын IX кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
26.09.2025-жыл. № 9/3
Асан-Чек айылы
“№23 Кызыл-Тал негизги мектебинин атын өзгөртүү жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тал айылындагы №23 Кызыл-Тал негизги мектебине Абдалиев Амиракулдун ысымын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө 2025-жылдын 4-августундагы Кызыл-Тал айылынын тургундарынын арызынын, Мыйзамдуулук укук, тартипти сактоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 15-сентябрындагы отурумунун чечиминин негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамынын 9–беренесин негиз кылып Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Тал айылындагы №23 Кызыл-Тал негизги мектебине Абдалиев Амиракулдын ысымын коюуга макулдук берилсин.
2. №23 Кызыл-Тал негизги мектебин Абдалиев Амиракул деп өзгөртүү боюнча Жогорку органдарга сунуш берүү жагы Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Мыйзамдуулук укук, тартипти сактоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.С.Темирбаев |