Загрузка документа…
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын IX кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
26.09.2025-жыл. № 9/5
Асан-Чек айылы
“Мады айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тал айылынын №161 маршруттук каттамынын жол акысын көтөрүү жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тал айылындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу №161 маршруттук каттамынын жетекчисинин жол акысын көтөрүп берүү жөнүндөгү арызынын жана Мыйзамдуулук укук, тартипти сактоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 15-сентябрындагы отурумунун чечиминин негизинде жана күйүүчү майлардын, унаалардын тетиктик бөлүктөрүнүн кымбаттагандыгын эске алып жол акыларды көтөрүү максатында Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
1.Кызыл-Тал айылынын №161 маршруттук каттамынын жол акысы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
- Кызыл-Тал - Ош - 45 сом
- Кызыл-Тал (Будалык) -Ош - 40 сом
- Жоош -Ош - 35 сом
- Чагыр -Ош - 30 сом
- Октябрь -Ош - 30 сом
Окуучуларга
- Кызыл-Тал - Ош - 23 сом
- Кызыл-Тал (Будалык) -Ош - 20 сом
- Жоош -Ош - 17 сом
- Чагыр -Ош - 15 сом
- Октябрь -Ош - 15 сом
2. Жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, эрте менен 7-00дөн 9-00гө жана кечинде 17-00дөн 19-00гө чейинки аралыкта 10 минуттук интервал менен жүргүнчүлөрдүн агымы көп болгон мезгилде маршруттук унаалардын каттамдарын үзгүлтүксүз камсыз кылуу жагы аталган каттамдын жетекчисине милдеттендирилсин.
3. Шаарга барып окуган окуучуларга №161 маршруттук каттамдагы жүргүнчүлөрдү тейлеген кичи автобустардын айдоочуларына окуу мезгилинде окуучуларды сөзсүз түрдө токтоп, алып кетүүсү милдеттендирилсин.4. Бул токтомдун 3 пунктундагы шарттарды аткаруудан баш тарткан айдоочуларга мыйзам чегинде чара көрүлөөрү эскертилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Мыйзамдуулук укук, тартипти сактоо, регламент, депутаттык этика, мандат жана Жаштар иштери, спорт, маданият, билим, социалдык маселелер боюнча депутаттык туруктуу комиссияларга жүктөлсүн.
Тѳрага | К.С.Темирбаев |