НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
2024-жылдын 6-февралы № 18
Ноокат шаарынын аймагындагы мектептердын чатырын орткө каршы (чердачная обработка) туруктуулугун күчөтүү үчүн акча каражаты бөлүп берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы мектептердын чатырын орткө каршы (чердачная обработка) туруктуулугун күчөтүү үчүн акча каражаты бөлүп берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарынын аймагындагы мектептердын чатырын орткө каршы (чердачная обработка) туруктуулугун күчөтүү үчүн 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Н.А.Абдибаитовго тапшырылсын.
Төрага: | Б. Мадмаров |