Загрузка документа…
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын X кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
10.10.2025-жыл. № 10/1
Асан-Чек айылы
“Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамын, жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарын жана жыйын өтүлүүчү жерин жана өткөрүү графигин бекитүү жөнүндө”
Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамын жана жыйналыштардын өтүлүүчү жерин жана графигин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуру комитетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы №1 протоколунун негизинде Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтүндө IV Элдик Курултайды уюштуруу боюнча иш-чаралар планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мады айыл өкмөтүнүн аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин .
3. Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү боюнча делегаттардын саны өткөрүү жайы жана графиги №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттардын курамы №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Мады айыл өкмөтүнүн башчысына жергиликтүү коомдоштуктардын
жыйындарын өткөрүүгө көмөк көрсөтүү жагы тапшырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы өзүмө калтырам.
Тѳрага | К.С.Темирбаев |