Редакцияот 06.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезексиз XXVII сессиясы
 

   2024-жылдын 6-февралы  № 20

 

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат жылуулукту камсыздоо” муниципалдык ишканасын “Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигине караштуу отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментине өткөрүп берүү  жөнүндө

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы Ноокат жылуулукту камсыздоо муниципалдык ишканасынын “Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигине караштуу отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментине өткөрүп берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат жылуулукту камсыздоо” муниципалдык ишканасын “Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигине караштуу отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментине” өткөрүүгө макулдук берилсин.

2.Талап кылынган документтерин бүтүрүү, ишкананы өткөрүү боюнча тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү ишкананын жетекчиси А.Айткуловго милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Б.Айтматовго жүктөлсүн.

 

Төрага:

Б. Мадмаров