НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
2024-жылдын 6-февралы № 21
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат жылуулукту камсыздоо” муниципалдык ишканасына акча каражаты ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат жылуулукту камсыздоо” муниципалдык ишканасына акча каражаты ажыратуу жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат жылуулукту камсыздоо” муниципалдык ишканасына Ноокат шаар мэриясынын 2024-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен:
- күл кесектерин ташып чыгаруу үчүн 200 000 (эки жүз миң) сом;
-проект өздүк салим үчүн-1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом;
-соц. фонд үчүн-400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаттары ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Т.Р.Маманазаровко жүктөлсүн.
Төрага: | Б. Мадмаров |