Бириккен Курманжан Датка айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясынын
ТОКТОМУ
22.02.2024 №3
Боз-Караган айылы
«Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси айыл өкмөтүн түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Курманжан Датка айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Коңур-Дөбө айыл өкмөтү» мекемеси жана «Кабылан-Көл » айыл өкмөтү мекемеси бириктирүү жолу менен «Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси болуп кайра түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: «Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси.
- Расмий тилде: Учреждение "Айыл окмот Курманжан Даткинского айылного аймака"
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: «Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтү» М-и.
- Расмий тилде: У-е "Айыл окмот Курманжан Даткинского айылного аймака".
2. «Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин Жобосу бекитилсин.
3. «Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ош облусу,Алай району,Боз-Караган айылы, Боз-Караган 2 көчөсү № 5 болуп аныкталсын.
4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Тѳрайым | З. Д. Абдыкадырова |