НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
2024-жылдын 6-февралы № 23
Ноокат шаарына караштуу Н.К.Крупская атындагы орто мектебине кичи футбол аянтчасын куруу үчүн дем берүүчү грантка өздүк салымга жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаты ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясы, 2022-2024-жылдардагы социалдык экономикалык өнүгүү программасынын иш аракеттер планынын алкагында 2024-жылдын иш планына киргизилген Ноокат шаарына караштуу Н.К.Крупская атындагы орто мектебине кичи футбол аянтчасын куруу үчүн дем берүүчү грантка тапшырылган долбоорго өздүк салымга жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаты ажыратып берүү жөнүндөгү маселе Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарына караштуу Н.К.Крупская атындагы орто мектебине кичи футбол аянтчасын куруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 100 000 (эки миллион бир жүз миң) сом акча каражаты өздүк салымга ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты С.Нурманбетовго тапшырылсын.
Төрага: | Б. Мадмаров |