Курманжан Датка айылдык кеңешинин VI кырылышынын 2-отурумунун
ТОКТОМУ
05.04.2024 №2/4
Боз-Караган айылы
Бириккен айыл өкмөтүнүн сметасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндегипилоттук режимде админстративдик-аймактык реформа жүргүзүүжөнүндө” жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февральындагы №24 “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан админстративдик - аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жөнүндө” жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде админстративдик–аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомунун негизинде Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Коңур-Дөбө жана Кабылан –Көл айыл өкмөттөрүн бириктирүү жолу менен кайрадан Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтү түзүлгөндүгүнө байланыштуу жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 29368,4 миң сомго, анын ичинде теңдештирүүчү трансферт 19318,5 миң сом, өздүк киреше 10049,9 миң сом (анын ичинде атайын каражаттар 728,0 миң сом) бекитилсин.
2. Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнүн 2024-жылдын 1-январына 2023-жылда пайдаланбай калган 1453,1 миң сом, бюджет 1146,0 миң сом (анын ичинде атайын каражаттар 307,1 миң сом) калдык каражатын 2024-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин жана жогорудагы акча каражатын Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнүн бириктирилген сметасында көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзам чегинде жумшоо жана пайдалануу жагы Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнүн башчысы Орозбай уулу Жеңишбек жана Исакова Жазгүлгө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана салык боюнча туруктуу комиссиясыны жүктөлсүн.
Тѳрайым | З. Д. Абдыкадырова |