Редакцияот 28.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезексиз XXVIII сессиясы
 

   2024-жылдын 28-марты  № 1

Ноокат шаар мэриясынын тийиштүү юридикалык иш-кагаздарын юстиция министрлигинен кайрадан каттоодон өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө 

Ноокат шаар мэриясынын тийиштүү юридикалык иш-кагаздарын юстиция министрлигиненен кайрадан каттоодон өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселе Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаар мэриясынын тийиштүү юридикалык иш-кагаздарын юстиция министрлигиненен кайрадан каттоодон өткөрүүгө макулдук берилсин.

2.Ноокат шаардык кеңешинин документтерин даярдап, Ош облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп, штамп, печаттарын алуу жагы Ноокат шаар мэриясына тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Б. Айтматовко тапшырылсын.

 

 

Төрага:

Б. Мадмаров