Редакцияот 28.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезексиз XXVIII сессиясы
 

   2024-жылдын 28-марты  № 3

Ноокат  шаар мэриясынын  алдындагы  муниципиалдык менчик    департаменти тарабынан ижара келишими менен иштеп жаткан айрым убактылуу унаа токтоочу жайларды жою жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” ПЖ № 56-Жарлыгына ылайык, Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаменти тарабынан ижара келишими менен иштеп жаткан Ленин көчөсүндөгү убактылуу унаа токтоочу жай жол коопсуздугу эрежелерине, ал эми А.Мирмахмудов, Шаар-Маала көчөсүндөгү убактылуу унаа токтоочу жайлар борбордук базардын кириш дарбазаларында жайгашып, өрт коопсуздук эрежелерине жооп бербегендигине байланыштуу тиешелүү кызматтардын сунуштамасынын негизинде жоюуга макулдук берүү жөнүндөгү маселе Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаарынын Ленин, А.Мирмахмудов жана Шаар-Маала көчөсүндөгү жол боюндагы тилкедеги жерлерде уюшулган убактылуу унаа токтоочу жайлар менен болгон келишим токтотулуп, жокко чыгарылсын.

2.Ноокат шаарынын мэри Ж.Тиллаевге жоюлган унаа токтоочу жайлар боюнча ММКларга жарыя берип, иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Г.З. Жееналиевага тапшырылсын.

 

Төрага:

Б. Мадмаров