НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
2024-жылдын 28-марты № 4
Ноокат шаар мэриясынын мөнөөтсүз пайдалануусундагы жер аянттын кайра жеке менчикке кайтарып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын Барын кварталынын Зульфия көчөсүнүн тургуну Сидиков Махаматтохиржон Тажидиновичдин жеке менчигиндеги жер аянтынан 170 чарчы метрин скважина казып, суу чыгаруу үчүн Ноокат шаар мэриясынын мөнөөтсүз пайдалануусуна берген. Бирок, скважина казуу иштеринде жер таштак болуп, суу чыкпай калгандыгына байланыштуу кайра 170 чарчы метр жер аянттын Сидиков Махаматтохиржон Тажидиновичдин жеке менчигине кайтарып берүү жөнүндөгү маселе Ноокат шаардык кеңешинин муниципиалдык менчик, өнөржай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаар мэриясынын мөнөөтсүз пайдалануусундагы 170 чарчы метр жер аянттын Сидиков Махаматтохиржон Тажидиновичдин кайра жеке менчигине кайтарып берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын Ноокат шаардык кеңешинин муниципиалдык менчик, өнөржай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Х.А. Маткосимовго тапшырылсын.
Төрага: | Б. Мадмаров |