Редакцияот 28.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезексиз XXVIII сессиясы
 

   2024-жылдын 28-марты  № 5

“Ноокат Тазалык” муниципалдык ишканасына келишимдин негизинде кошумча штаттык бирдик кароо жана аларга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

“Ноокат Тазалык” муниципалдык ишканасына келишимдин негизинде кошумча штаттык бирдик кароо жана аларга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.“Ноокат Тазалык” муниципалдык ишканасына Ноокат шаарынын аймагын көрктөндүрүүгө:

-гүл эгүүчү-3 кызматкер, суу чачуучу-1 кызматкер, көчө тазалоочуулар (дворник)-4 кызматкер келишимдин негизинде кошумча штаттык бирдик алууга макулдук берилсин.

2.Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 2024-жылдын 1-январына калган үнөмдөлгөн акча каражаты эсебинен Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат Тазалык” муниципалдык ишканасына:

-жашылдандыруу, көрктөндүрүү үчүн-1 150 000 (бир миллион бир жүз элүү миң) сом;

-бак-дарактарды бутоо жана шактарды тазалоо үчүн-400 000 (төрт жүз миң) сом;

-көчөлөргө суу себүү үчүн-610 000 (алты жүз он миң) сом;

-көчө тазалоочуулар (дворниктер) үчүн-1 240 000 (бир миллион эки жүз кырк миң) сом акча каражаттары штаттык бирдиктерине жана керектелүүчү материалдарына чыгымдардын сметасына ылайык ажыратылып берилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 

Төрага:

Б. Мадмаров