Загрузка документа…
Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңешини 7-чакырылышынын кезектеги 10-отурумунун
ТОКТОМУ
04.08.2025 №10/1
Боз-Караган айылы
Лизингге кызматтык автоунаа алуу боюнча ыйгарым укук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-июлундагы №633 тескемесине жана "Мамлекеттик лизинг компаниясы" ААКсынын 2025-жылдын 30-июлундагы №1-08-2/210 катына жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине ылайык, Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана калкка ыкчам кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында, Курманжан Датка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн башчысы Орозбай уулу Жеңишбек Кыргыз Республикасынын белгиленген тартибине ылайык, “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААКсы менен кызматтык автоунаа алуу боюнча лизинг келишимин түзүү үчүн ыйгарым укуктуу деп табылсын.
2. Лизингге алынуучу автотранспорт үчүн төлөмдөрдү аткаруу максатында, Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн 2025-2026-жылдардагы жергиликтүү бюджетинен каражат каралсын.
3. Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн башчысы лизинг келишиминин талаптарын аткаруу жана милдеттенмелерди өз убагында камсыз кылуу боюнча жооптуу болуп эсептелсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
1. Бул токтом http://kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Тѳрага | Д. Камчыбек уулу |