Загрузка документа…
Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңешини 7-чакырылышынын кезектеги 11-отурумунун
ТОКТОМУ
11.08.2025 №11/1
Боз-Караган айылы
Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу айыл өкмөтүнүн башчынын отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 5-главасынын 50-беренесинин 3-пунктуна ылайык Курманжан Датка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу айыл өкмөтүнүн башчынын аткарып жаткан иштери белгиленсин.
2. Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Орозбай уулунун аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
3. Айыл өкмөт башчысынын 2025-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштеринде айрым аткарылуучу иштердин кемчиликтерин жоюу айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлерине жүктөлсүн жана маалыматты алуу боюнча айылдык кеңештин жооптуу катчысы Г. Кимсанбай кызына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Орозбай уулуна тапшырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык жана Курманжан Датка айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Г. Кимсанбай кызына милдеттендирилсин.
6. Бул токтом kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Тѳрага | Д. Камчыбек уулу |