Загрузка документа…
Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңешини 7-чакырылышынын кезектеги 11-отурумунун
ТОКТОМУ
11.08.2025 №11/1
Боз-Караган айылы
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелериндеги билим берүүнүн сапаты, №17 МЧББМнин тарбия иштери жана балдарга берилүүчү тамак-аштын сапаты. Тарбиячылардын сапаттык курамы жөнүндө
Саламаттыкты сактоо, социалдык, маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын талкуусун угуп Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелериндеги билим берүүнүн сапаты, №17 МЧББМнин тарбия иштери жана балдарга берилүүчү тамак-аштын сапаты. Тарбиячылардын сапаттык курамы боюнча аткарылып жаткан иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. №17 МЧББМнин тарбия иштери жана балдарга берилүүчү тамак-аштын сапаты. Тарбиячылардын сапаттык курамы боюнча аткаруу иштерин жөнгө салуу жагы бала бакча башчысы С. Абдыкеримовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Саламаттыкты сактоо, социалдык, маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Д. Камчыбек уулу |